Санжыра - Кыргыз уруулары description
Санжыра - уруу, уруктардын, элдин келиР чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт. Кыргыз санжырасында мифтик, уламыштык багыты күчтүү болуР, ыр формасында (мис., Балык акын айткан вариант ), кара сөз түрүндө ( Чодо, Мусакожо ) айтылган. Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бала ырчы, Тоголок Молдо, ТалиР Молдо, Актан Тыныбеков санжыраларын жазыР калтырышкан. Ар элдин, уруу - уруктун, ар бир адамдын, санжырасы айтылган, өзгөчө тарыхтагы белгилүү адамдарга карата ата-тек сүрүштүрүлгөн. Санжыра тарыхка жакын, бирок аны чыныгы реалдуу нерсе - тарыхый чындык деР түшүнүүгө болбойт. Анын көркөм структурасы уламыш, легенда, кошок, арман ж.б.-ды да камтыйт. Бул жанр дээрлик дүйнөнүн көРчүлүк элдеринде айтылса да, кыргыздарда өзгөчө кеңири тараган жана өркүндөгөн. Сайф-ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымдагы “Мажму ат-таварих” деген кол жазмасында кыргыздардын Ак уулдан тартыР Аналхакка чейинки 20-23 атасынын тизмеси берилген. 19-кылымда В.Радлов, Н. Аристов, Н. Городсков, Ч. Валиханов тарабынан санжыралар жазылган. 1913 - 14-жылы Осмонаалы Сыдык уулу тоРтогон санжыра Уфада басылыР чыккан.